15:11
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

2023-жылы «Кыргызалтындын» таза кирешеси 12,65 миллиард сомду түздү

2023-жылы «Кыргызалтындын» кирешеси 14,8 миллиард сомду, ал эми таза пайдасы 12,65 миллиард сомду түзгөн. Өткөн жылдын жыйынтыгы ачык акционердик коомдун сайтында жарыяланды.

Белгиленгендей, таза киреше көрсөткүчтөрү ишкананын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч болгон.

Отчетто «Кыргызалтын» төрт филиалынын үчөөсүн таза кирешеге чыгара алганы айтылат. Мындан тышкары, акционерлердин чогулушунда компаниянын кирешесинин 100 пайызын дивиденд түрүндө мамлекеттин бюджетине которуу чечими кабыл алынган.

Эң көп окулган жаңылыктар