17:37
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Ататүрк атындагы парктын кайтарылган жерлери эс алуу жайы катары колдонулат

Ататүрк атындагы парктын кайтарылган жерлери эс алуу жайы катары колдонулат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, ал жерлерге жашыл көчөттөрдү отургузуу жана шаар тургундарынын, конокторунун эс алуусу үчүн шарттарды түзүү пландалууда.

Буга чейин мэр жергиликтүү бийликтин аткаруу органдары тарабынан 198 объект боюнча мурда кабыл алынган 124 токтом жокко чыгарылганын билдирген.

Эске салсак, мэр жалпы аянты 107 гектар болгон Ататүрк атындагы парктын чек араларын бекитүү жөнүндө токтомго кол койгон. Сейил бактын чек арасы Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы № 225 «СССРдин 50 жылдыгы «сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга бекитүү жөнүндө» токтомунда белгиленген.

Эми мурун курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек.

Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментине, жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгына жана Октябрь администрациясына парктын жер тилкелерин кайтарып алуу боюнча чараларды көрүү жана сейил бактын аймагында мыйзамсыз тургузулган кыймылсыз мүлктөрдү сүрдүрүү тапшырылды.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Ататүрк атындагы парктын аймагындагы үйлөр сүрдүрүлбөй турганын билдирген.

Парк 1957-1958-жылдары пайда болгон жана Кыргыз ССРинин Илимдер академиясы тарабынан дендропарк катары пайдаланылган. 1962-жылы ал шаардык аткаруу комитетине өткөрүлүп берилип, 1967-жылы «Достук» маданият жана эс алуу паркы деп аталып калган. Азыркы аталышын 1995-жылы алган. 1990-жылдары парктын бир бөлүгүнө турак жайлар курула баштаган. Курулуштар 2000-жылдары көбөйүп, жерлерин Кыргызстандын жогорку кызмат адамдарына же алардын туугандарына жеке турак-жайга сатуу менен байланышкан ар кандай чуулгандуу окуяларда аты аталып келген.

Эң көп окулган жаңылыктар