23:28
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду

Азербайжан президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында кыргыз-азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду.

Сейил бактын ачылыш аземине Садыр Жапаров жана Ильхам Алиев катышты.

Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылы Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелер активдешип, стратегиялык өнөктөштүктүн таптакыр жаңы деңгээлине чыкканына көңүл бурду.

Садыр Жапаров кыргыз тарап бир тууган Азербайжан менен мезгилдин сыноосунан өткөн стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин баса белгиледи.

Өз кезегинде Ильхам Алиев бул бактын ачылышынын символикалык мааниси бар экенин белгиледи. Ал Азербайжанга карата мындай мамиле үчүн азербайжан элинин атынан ыраазычылык билдирди. «Бул сейил бакта биз Садыр Жапаровдун шаарды өнүктүрүү, борбордун жашоочуларына, ошондой эле Кыргызстандын башка шаарларынын жана айылдарынын тургундарына ыңгайлуу, жакшы шарттарды түзүү боюнча пландарын да көрүп турабыз», — деди ал.

Андан соң Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери сейил бакты көрүп чыгышты.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума