19:23
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Ататүрк атындагы парктын чек арасы бекитилди. Ал жердеги үйлөр сүрдүрүлбөйт

Ататүрк паркынын аймагындагы үйлөр сүрдүрүлбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев X (Twitter) социалдык тармагында билдирди.

Депутат өзүнүн Telegram-каналында мурда парктын бекитилген чек аралары болбогондуктан, анын аймагында курулуштар башталганын белгиледи.

«Бул маселени мен он жылдан бери көтөрүп келем. Менде бул маселе боюнча көптөгөн кат алышуулар бар. Шаардын мэрлеринин бири да бул маселени чечкен эмес, чек араларды аныктоого аракет кылган эмес. Анткени бул жерде көйгөйлөр бар: паркты басып алган кыймылсыз мүлк ээлери менен чечишүү керек. Бирок биздин шаар башчыбызга чоң урмат. Акыры биз чек араларды аныктадык. Бир жарым жума мурун парламент жыйынында Акылбек Жапаровго суроо бергем: Ататүрк атындагы парктын чек араларын качан аныктайбыз? деп. Чек ара жок болгондуктан, курулуш компаниялары бул паркка кол салышкан. Ал парктын чек аралары калыбына келтирилип, аныкталарын убада кылган. Бул чындыгында тарыхый чечим. Бишкек үчүн чоң белек. Эң башкысы, эми бул паркты жакшы карап, көзөмөлдөп, өнүктүрүп, сактоо керек», — деди ал.

Эске салсак, мэр Айбек Жунушалиев Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жылдын 25-июнундагы № 225 «СССРдин 50 жылдыгы «сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга бекитүү жөнүндө» токтому менен белгиленген 107 гектар аянттагы Мустафа Кемал Ататүрк атындагы сейил бактын чек араларын бекитүү токтомуна кол койгон. Эми мурда курулушка бөлүнгөн 43 гектар жер паркка кайтарылышы керек.

Эң көп окулган жаңылыктар