21:04
USD 88.26
EUR 95.98
RUB 0.97

Эмен сейил багы менен Эркиндик бульварынын көркү ачылат

Борбор калаанын мэриясынын тапшырмасы менен Биринчи май акимиаты Эркиндик бульварындагы мыйзамсыз сооданы масштабдуу түрдө демонтаждоо иштерин баштайт. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү кызматтар менен биргеликте соода түйүндөрү, электр жарыгына мыйзамсыз улаган жайлар алынат, коомдук тартиптин күнү-түнү сакталышын укук коргоо органдары да көзөмөлдөйт.

Ошол эле учурда Эмен сейил багынын аймагына балдар аянтчасы көчүрүлөт.

Ал эми шаардыктар үчүн дагы бир белектин бири — жаңыланган Эмен сейил багы болмокчу. Демөөрчүлөрдүн эсебинен сейилбак көрктөндүрүлүп, сырткы айкелдердин жарыктандыруусу жаңыртылып, таманташ жана отургучтар алмаштырылды.

Белгилеп кетсек, коюлган тапшырма аткарылмайынча, ушундай рейддик иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.

Эң көп окулган жаңылыктар
17-май, жума