21:09
USD 88.66
EUR 94.91
RUB 0.96

Бонецкий лабораториясына 423 миллион сом айып пул салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы «Интелмед» ЖЧКсынан (Бонецкий лабораториясы) республикалык бюджетке 423 миллион сом өндүрүү жөнүндө токтом чыгарды. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Мындай чечим «Интелмед» ЖЧКсы лабораториялык изилдөө рыногунда атаандаштык жөнүндө мыйзамды бузгандыгы үчүн кабыл алынган.

Талдоого ылайык, лаборатория өзгөчө кырдаал убагында (COVID-19 пандемиясы) өзүнүн үстөмдүк абалынан пайдаланып, коронавирустук инфекцияны аныктоо боюнча ПЧР-тестирлөө жүргүзүү кызматтарына монополиялык жогорку бааларды койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар