14:42
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Сот «Крокус Ситидеги» кол салууга шектүүлөрдү камакка алды

Москванын Басман райондук соту 24-марттан 25-мартка караган түнү «Крокус Сити Холл» концерттик залындагы кол салууга шектүүлөрдү 22-майга чейин камакка алды.

Далержон Мирзоев, Муродали Рачабализоде, Мухаммадсобир Файзов жана Шамсидин Фаридун терроризмге айыпталууда. Шектүүлөрдүн айыбы далилденсе өмүрүнүн аягына чейин соттолушу мүмкүн. Соттук жараян жабык өттү.

Орусияда концерттик залдагы куралдуу кол салуудан каза болгондордун саны 24-мартка карата 137ге жетти, алардын 68инин тек-жайы аныкталды. Жаракат алгандар 150 кишиден ашты.

22-марттын кечинде Москвадан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Красногорск шаарындагы «Крокус Сити Холл» деп аталган борборго кеминде төрт куралчан адам кирип барып, концерт көргөнү барган адамдарды аткылай баштаган.

Тергөө комитети Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин («Террордук акт») негизинде кылмыш ишин козгоп, териштирүү баштаган. Федералдык коопсуздук кызматы 11 киши кармалганын, алардын төртөө «теракттын катышуучусу» экенин маалымдады.

Эң көп окулган жаңылыктар