14:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Рэпер Моргенштерн Ислам Халиловго бир миллион рубль берди

Рэпер Моргенштерн теракт учурунда «Крокус Сити Холлдон» 100гө жакын адамды алып чыккан 15 жаштагы Ислам Халиловго бир миллион рубль бергенин айтты.

Өспүрүм реперге ыраазычылык билдирип, ал ага абдан жардам бергенин кошумчалады.

Эске салсак, 2023-жылдын жайында Бишкекте Моргенштерндин концерти токтотулган. Уюштуруучулар буга аргасыз болушканын айтышкан болчу.

Буга чейин Москванын «Спартак» клубу дагы 15 жаштагы Ислам Халиловго сыйлык бергени кабарланган.

Ошондой эле Орусиянын муфтийи Шейх Равиль Гайнутдин Ислам Халиловду Россиядагы мусулмандардын жогорку сыйлыгына көрсөттү. 29-мартта ага «Сиңирген эмгеги үчүн» медалы тапшырылат.

Эске салсак, өспүрүм «Крокус Сити Холл» концерттик залынын гардеробунда кошумча акча таап иштечү. Анын айтымында, жумушка орношууда бардык кызматкерлерге өзгөчө кырдаалдарда эмне кылуу керектиги жөнүндө маалыматтар берилген. Теракт учурунда ал нускама боюнча иш алып барып, эвакуацияны көзөмөлгө алып, элди кызматтык эшик аркылуу коопсуздукка алып чыккан.

Россиянын Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкиндин буйругу менен Ислам Халилов мекемелик сыйлык менен сыйланат.

Эске салсак, 22-мартта Москванын четиндеги «Крокус Сити Холлдо» теракт болгон. Музыкалык топтун концертине миңдеген адамдар келишкен. Алдын ала маалыматтар боюнча, камуфляж кийген белгисиз төрт адам имаратка кирип, адамдарга туш келди ок чыгарышкан.

Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматы боюнча, 137 адам каза болду.

Теракттан жабыркагандардын жана көз жумгандардын жалпы саны 287ге жетти.

Москва облусунун саламаттык сактоо министрлиги терактта үч бала каза болгонун билдирди.

Буга чейин жабыркагандардын арасында Кыргызстандын эки жараны да болушу мүмкүн экени айтылган. Тышкы иштер министрлиги жана Кыргызстандын Москвадагы элчилиги тарабынан жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы боюнча, мекендештер тууралуу маалымат такталган жок. ТИМ кырдаалга көз салууну улантат.

23-мартта «Крокус Сити Холлдо» болгон теракт учурунда эки кыргызстандык кыз жоголгону белгилүү болгон. Маалыматка ылайык, 24 жаштагы Эдита Жусупова менен 20 жаштагы Маиза Гулжигит кызы «Крокус Сити Холл» концерттик борборундагы кафелердин биринде иштешчү.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыздар изделип жатканын маалымдады.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы «Крокус Сити Холлдогу» терактка катышкан төрт адам кармалганын билдирди. Алар Брянск облусунда кармалып, Москвага жеткирилген.

Эң көп окулган жаңылыктар