Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров БУУнун башкы катчысынын жардамчысы, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын (БУУӨП) администраторунун жардамчысы, БУУӨПтүн Европа жана КМШ өлкөлөрү боюнча регионалдык бюросунун директору Ивана Живкович менен жолугушту. Бул жөнүндө министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Акылбек Жапаров Кыргызстанга айыл чарба, гидроэнергетика, кайра жаралуучу энергия, туризм, билим берүү, транспорт жана санариптештирүү тармактарында алдыңкы технологияларды тартууга кызыкдар экенин билдирди.
БУУӨП тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин улуттук жол картасын ишке ашырууга жана климаттык көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргызстандын трасттык фондун түзүүгө активдүү катышууга чакырылды.
БУУӨП Европа жана КМШ боюнча регионалдык бюросунун директору Ивана Живкович өз кезегинде Кыргызстан тоо-кен тармагынын дүйнөлүк күн тартибинде лидерлигин, бул эл аралык аренадагы позитивдүү мисалдардын бири экенин белгиледи.
Ал өкмөттүн жакырчылыкты жоюу, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагын колдоо программаларын жогору баалады.
Ивана Живкович климаттык көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кыргызстандын трасттык фондун түзүү боюнча БУУӨПтүн сунуштары тууралуу маалымат берди.