Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин коллегиясында тойлорду, үрп-адаттарды тартипке салууну сунуштады.
Ал айрым кыргызстандыктарды жана тамадаларды сынга алды.
«Ар бир тамада каалагандай кылып өткөзөт. Ар бир үй-бүлө өзүнүн аң-сезимине, деңгээлине жараша өткөрөт. Пил болсо, аны дагы алып кирмек, атты алып кирип жатышат тойдун ичине. Каада-салттарды иреттеп берсеңиздер деген өтүнүч бар», — деди ал.
Акылбек Жапаров өлкөгө келген башка улуттар, туристтер биздин каада-салттарды түшүнгөндөй болушу керектигин белгиледи.