05:02
USD 87.45
EUR 91.44
RUB 0.96

Балыкчыдагы жол кырсыгы. Шектүү тергөө абагына киргизилди

Окуучу кызды коюп кеткен деген шек менен Балыкчы шаардык милициясынын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу Каракол шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бектур Осмонбаев Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренесинин 2-бөлүгүндө (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 312-беренесинин 2-бөлүгүндө (автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 144-беренесинин 2-бөлүгүндө (коркунучта калтыруу) каралган кылмыштарга айыпталууда.

«Каракол шаардык сотунун тергөө судьясынын 2024-жылдын 29-январындагы токтому менен 26-мартка чейин камакка алынды», — деп билдиришти соттон.

Анын иниси Бекзат Казаковго Кылмыш-жаза кодексинин 354-беренеси (прокурордун, тергөөчүнүн, алгачкы текшерүү органынын ишине тоскоолдук кылуу) боюнча айып тагылды. Ал эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду.

Эске салсак, Балыкчы шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматтык автоунаасы менен жашы жете элек кызды коюп кеткен резонанстуу жол кырсыгын иликтөө уланууда. Кылмышка шектүү катары Балыкчы шаардык милициясынын мурдагы башчысы Бектур Осмонбаев (жол кырсыгынан кийин иштен алынган) жана анын Ысык-Көл райондук милициясында аймактык тескөөчү болуп иштеген иниси Бекзат Казаков кармалган.

Айдоочу кырсык болгон жерден качып кеткен. Кыздын атасы унаанын рулунда Балыкчы шаардык милициясынын башчысы Бектур Осмонбаев болгонун айткан. Кийинчерээк атасы дооматтарынан баш тартып, арызын кайтарып алган.

Ички иликтөөнүн жыйынтыгы менен Балыкчы шаардык милициясынын башчысы жана иниси кызматтан бошотулганы белгилүү болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар