Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, абал туруктуу, жабдуулар штаттык режимде иштеп жатат. Учурда тогуз казан агрегаты жана төрт турбогенератор иштеп жатат, суунун температурасы 60-65 градуска жакын.
Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, Бишкекке Россиядан адистер келди.
Министрлер кабинетинин башчысы оңдоо иштерин тездетүү жана күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
«Мындай жагдайлардын кайталанышына жол берүүгө болбойт. Бакыт Төрөбаев башында турган мамлекеттик комиссия окуянын ыктымал себептерин иликтейт. Ошол эле учурда имараттардын ичинде зарыл болгон учурда эскертүүчү жана көзөмөлдөөчү тиешелүү датчиктерди орнотуу зарылчылыгын карап көрүү керек», — деди ал.
Акылбек Жапаров адистер жарым-жартылай модернизациялоо, бүтүндөй ЖЭБ системасын модернизациялоо же объектти толук жаңылоо варианттарын изилдей турганын белгиледи. Анын айтымында, мындан тышкары, аймактардагы отканаларды модернизациялоо зарыл.
2-февралда түнкүсүн Бишкек жылуулук электр борборунда авария болгон. Жарылууга эмне себеп болгону азырынча белгисиз. Беш адам жабыркап, үчөө ооруканага жаткырылып, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалар онлайн окутууга которулду. 2-февралда кечке жуук Бишкекте жылуулук жана ысык суу берүү жарым-жартылай калыбына келтирилди.