Бишкек шаарында улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинине караштуу № 7 «Алтын балалык» мектепке чейинки билим берүү мекемеси пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мекеменин пресс-борборунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мекеменин имараты эки кабаттан турат. 220 орунга ылайыкташкан.
«Ичинде бардык тийиштүү шарттар каралып, керектүү эмеректер менен жабдылган. «Алтын балалыкта» мектепке чейинки 2,5 жаштан жогорку балдар тарбияланышат. Курулуш иштери президенттин резервдик фондунан каржыланган», — деп билдирди УКМК.