«Ооба, Садыр Жапаров экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышат», — деди 24.kg агенттигине мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов.
«Өлкөбүз үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон, узак мөөнөттүү эл аралык долбоорлор ишке киргизилип жана пландаштырылып жатканын эске алганда Садыр Жапаровдун экинчи мөөнөттөгү шайлоого катышуусу саясаттагы ырааттуу кадам болот», — деди ал.
Буга чейин президенттин кийинки шайлоодо талапкерлигин коюу планы тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Азаттык» радиосуна курган маегинде билдирген.