11:10
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

АФК Кубогу. «Абдыш-Ата» клубу Тажикстандын «Равшан» командасын жеңди

Канттын «Абдыш-Ата» клубу АФКнын Кубогунун төртүнчү турунда Тажикстандын «Равшан» командасын жеңди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу социалдык тармактарда билдирди.

Бишкекте өткөн беттеш 1:0 эсебинде жыйынтыкталып, голду 49-мүнөттө Айзар Акматов киргизди.

«Абдыш-Ата» 10 упай топтоп, Е тобундагы турнирдик таблицада биринчи орунду ээледи.

Бешинчи турда Кыргызстандын клубу Түркмөнстандын «Алтын-Асыр» командасына каршы ойнойт.

Белгилей кетсек, кийинки турга топтун жеңүүчүсү гана чыгат.

Эң көп окулган жаңылыктар