USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Аскердик тик учактын кыйрашы. Жабыркагандардын бири Улуттук госпиталга которулат

14:20, 22 января 2024, Бишкек - 24.kg

Аскердик тик учактын кулашынан жабыркагандардын бири медициналык тез жардам ооруканасынан Улуттук госпиталга которулууда. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине медициналык мекемеден билдиришти.

Оорукананын башкы дарыгери Алмаз Кубатбековдун айтымында, жандандыруу бөлүмүндө бир бейтап калып, аны Улуттук госпиталдын кан тамырлар хирургиясы бөлүмүнө которуу чечими кабыл алынган. Жандандыруу бөлүмүндөгү экинчи бейтап кадимки палатага которулду. Калгандарынын абалы туруктуу. Эртең биринчи айыккандарды чыгаруу пландалууда.

Эскерте кетсек, 17-январда Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн Ми-8МТВ тик учагы кыйрап, бир аскер кызматкери каза болуп, дагы 10у жабыркаган.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика