11:35
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Аскердик тик учактын кыйрашы. Жабыркагандардын абалы туруктуу

Аскердик тик учактын кулашынан жабыркагандардын абалы туруктуу. Бул жөнүндө 24.kg басылмасына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз борборунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тез жардам ооруканасында сегиз адам дарыланууда. Реанимацияда жаткан төртөөнүн экөөсү палатага которулат.

Жабыркагандардын экөөсү учурда Улуттук госпиталда, алардын абалы да туруктуу.

Кыргызстандын абадан коргонуу күчтөрүнүн Ми-8МТВ тик учагы кулап, бир аскер кызматкери каза болуп, дагы 10 адам жараат алган. Кечээ жабыркаган төрт киши жандандыруу бөлүмүндө жатканы, экөөнүн абалы өтө оор экени кабарланган. Дагы алты орточо оор абалда.

Эң көп окулган жаңылыктар