USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Россия Кыргызстанга тик учак жана өрт өчүрүүчү техника берет

12:03, 01 февраля 2023, Бишкек - 24.kg

Россия Кыргызстанга тик учак жана өрт өчүрүүчү техника берет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 1-февралда Бишкекте атайын техникаларды жана жаңы автобустарды тапшыруу аземинде билдирди.

Анын айтымында, тизилип турган 100 даана атайын өрт өчүрүүчү техникадан тышкары, буга чейин эки заманбап тик учак, 58 өрт өчүрүүчү унаа, 81 инженердик техника жана 34 бирдик ар кандай техникалар алынган.

«Жакында Россиядан 20 млн долларга жакын суммага 40 өрт өчүрүүчү техника жана бир «Ми-8» тик учагы жардам иретинде келет. Андан кийин техника менен толук камсыз кылуу тууралуу айтсак болот», — деди ал.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика