17:54
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Түркияда тик учак кырсыгынан каза болгон кыргыз жаранынын сөөгү табылды

Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында Түркияда өрт өчүрүүчү тик учактын кулашынан каза болгон кыргыз жаранынын сөөгү табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Стамбулдагы Башкы консулдугунун кызматкери ооруканага барып,  кырсыктан аман калган жаранды көрдү. Анын абалы туруктуу, көптөгөн жаракаттары бар.

Учурда каза болгон дагы бир кыргыз жаранын издөө иштери жүрүп жатат.

Эске салсак, 16-сентябрда Түркияда өрт өчүрүүчү тик учак кулаган. Анын бортунда төрт адам болгон, алардын үчөө Кыргызстандын жарандары.

Эң көп окулган жаңылыктар