06:35
USD 88.35
EUR 95.16
RUB 0.95

Кыргызстандагы 45 мал базардын дээрлик жарымы санитардык талаптарга жооп бербейт

Өткөн жылы Кыргызстандын мал базарларына ветеринардык-санитардык талаптарды сактабагандыгы үчүн 160 миң сом айып пул салынган. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Бакыт Шарапов маалымат жыйында билдирди.

Республика боюнча жалпы 45 мал базары иштейт, алардын ичинен 25 базар гана ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берет.

20 мал базардын ээсине тийиштүү көрсөтмөлөр берилип, 16сы айыпка жыгылды.

«Ошондой эле өлкө боюнча 101 мал союучу жай катталган. Алардын ичинен 15 цех талаптарга жооп бербегендиктен жабылган. Бүгүнкү күндө 86 мал союучу жай иш алып барат. Алардын ону ЕАЭБдин реестринде катталган. 2023-жылкы мал союу пункттарына 225 миң сом айып салынган», — деди Бакыт Шарапов.

Мал базарларындагы ветеринардык-санитардык талаптар сакталбагандыгы үчүн Аламүдүн, Жайыл, Ноокен, Аксы, Кочкор, Чоң-Алай, Тогуз-Торо райондорунун акимдерине, Каракол жана Кызыл-Кыя шаарынын мэрлерине Ветеринардык кызмат тарабынан каттар жана көрсөтмөлөр берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар