09:22
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кыргызстанда 11 мал базары убактылуу жабылды

Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 528 «Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, республика боюнча жалпы 58 мал базар каттоодон өткөн. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ичинен, бүгүнкү күндө 47 мал базар ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүп, 11 мал базар талапка жооп бербегендиги үчүн айып пул салынып, убактылуу жабылды.

Эң көп окулган жаңылыктар