USD87.45EUR98.33RUB1.02
24.kg

Акылбек Жапаров бардык мал базарларын ирээтке келтирип, асфальт төшөөнү тапшырды

11:51, 29 марта 2022, Бишкек - 24.kg

Акылбек Жапаров бардык мал базарларын ирээтке келтирип, асфальт төшөөнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

«Кечээ Каракол шаарындагы мал базарга келгендер жиберген видеону көрдүм. Эл ылайды кечип жүрөт, жарандар үчүн жөнөкөй шарттар каралган эмес, бул 2022-жылы КМШнын маданий борбору катары тандалган шаарда болуп жатат. Баарын тазалап, асфальт төшөп жана иштин жыйынтыгын билдирүүгө бир ай убакыт берем. Бул бир эле Караколго эмес, республиканын бардык мал базарларына тиешелүү. Жеке өзүм барып баарын текшерем», — деди Акылбек Жапаров.

 

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика