2026-жылы энергетика тармагында профицитке жетип, электр энергиясын экспорттой баштайбыз. Бул тууралуу Элдик Курултайда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Анын айтымында, 2023-жылы беш кичи ГЭС, беш күн электр станциясы, Токтогул ГЭСинин экинчи гидроагрегаты ишке киргизилди.
2024-жылы кубаттуулук 178 мегаваттка көбөйөт, тактап айтканда, 25 кичи ГЭС жана Токтогул ГЭСинин дагы бир гидроагрегаты ишке киргизилет.
Акылбек Жапаров
«Келерки жылы кубаттуулугу 700 мегаватт болгон күн электр станциялары, Талас облусундагы кубаттуулугу 5 мегаватт болгон Бала-Саруу ГЭСи колдонууга берилет. Ошондой эле 2024-жылы 300 миң АСКУЭ эсептегичтери орнотулат, бул энергиянын жоготууларын азайтат», — деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы.
Ал ошондой эле Камбарата ГЭС-1 боюнча даярдык иштери аяктап жатканын белгиледи. Казарман, Көкөмерен, Чаткал каскаддарын жана 500 киловольт кубаттуулуктагы Кемин-Торугарт линиясын долбоорлоо башталат.
«2026-жылы энергетика тармагында профицитке жетип, электр энергиясын экспорттой баштайбыз», — деди Акылбек Жапаров.