19:47
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

2024-жылы «Кыргызкөмүр» Кытайга көмүр экспорттой баштайт

2024-жылы «Кыргызкөмүр» Кытайга көмүр экспорттой баштайт. Бул тууралуу экинчи Элдик курултайда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Көмүр төрт кенден — Ак-Улак, Үрмезан, Кара-Кече жана Беш-Буркан кендеринен жеткирилет.

 2025-жылга чейин Нарын облусунда көмүрдү байытуу заводу курулат.

министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, 2024-жылы 30 миң тонна битум өдүрүлүп, 450 чакырым жол асфальтталат.

«Түндүк-түштүк автожолундагы Көк-Арт туннели аяктап, жол ачылат», — деди ал.

Мындан тышкары, Балыкчы — Кочкор темир жолунун дагы 20 чакырымы бүтүрүлүп,  2026-жылы пайдаланууга берилери күтүлүүдө.

Ошондой эле Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жол долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемеси аяктады.

Эң көп окулган жаңылыктар