17:15
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Кыргызстанда энелердин өлүмү азайды

Кыргызстанда энелердин өлүмү азайды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медер Исмаилов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, эне-баланын саламаттыгын коргоо министрликтин ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат.

«Тогуз ай ичиндеги ыкчам маалыматтар боюнча энелердин өлүмү былтыркыга салыштырмалуу 20,2 пайызга азайды. Ымыркайлардын өлүмү ошол эле деңгээлде калууда», — деди Медер Исмаилов.

Ал кошумчалагандай, балдарга медициналык жардам көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн октябрь айынан бери Бишкекте төрт поликлиникалык бөлүм иштеп жатат. Ош облустар аралык бириккен балдар ооруканасынын клиникалык-диагностикалык бөлүмү кеңейтилип жатат.

2024-жылдын башында Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгынын имаратында дагы бир балдар бейтапканасы ачылат. Азыр оңдоо иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар