12:25
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кыргызстанда төрөттөн каза болгон аялдардын саны 8 пайызга азайды

2019-жылы 44 аял төрөттөн көз жумган. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

Анын маалыматында, 2018-жылы 52 эне өлүмү катталган. 2019-жылы бул көрсөткүч 8, 6 пайызга түшкөн.

«2019-жылдын 12 айында жалпы республика боюнча 44 кош бойлуу төрөт учурунда жана төрөттөн кийин көз жумду. Эне өлүмүнүн көрсөткүчү ыкчам маалыматтар боюнча 2018-жылы 52 аял төрөттөн өлгөн. Учурда бул көрсөткүч 8,6 пайызга азайган», — деди Мадамин Каратаев.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби