Баткен шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча жолугушуу өткөрүштү.
Жетекчилер 2023-жылга карата эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык-укуктук жумушчу топторунун аткарган иштеринин жыйынтыктарын талкуулады. Калган аймактарда кыргыз-тажик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүү сызыгын сыпаттап бүтүрүү боюнча ишти активдештирүү боюнча тапшырмаларды беришти.
«Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өттү», — деп айтылат маалыматта.