12:45
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргыз-тажик чек арасы. Топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жыйыны өттү

Жетишилген макулдашууга ылайык, 2023-жылдын 11-ноябрынан 17-ноябрына чейин Баткенде эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Топографиялык жумушчу топтор калган участоктордогу кыргыз-тажик чек арасынын долбоордук сызыгын сыпаттоо маселесин талкуулашты жана бул ишти Тажикстан аймагында өтө турган кийинки отурумда улантууну чечишти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Эң көп окулган жаңылыктар