19:09
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Англияга виза алууга жардам берем деп алдап кеткен жаран камакка алынды

Англияга виза алууга жардам берем деп алдап кеткен жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, Каракол шаардык ички иштер башкармалыгына Бишкек шаарынын 54 жаштагы тургуну кайрылган. Ал белгисиз адам Англияга виза алууга жардам берем деген жүйөө менен 39 миң рубль алып, андан кийин качып кеткендигин билдирген.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Ак-Суу районунун Тепке айылынын 43 жаштагы тургуну кармалды. Жүргүзүлгөн алгачкы суракта шектүү күнөсүн толугу менен мойнуна алган.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүүнүн дагы кошумча эки алдамчылык фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды. Ал бир айга камакка алынды.

Тергөө иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар