15:05
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Баткенде милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөнү улантууда

Баткен облусунун милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүнү улантууда. Бул тууралуу облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
 
Маалыматка караганда, өздүк курамы коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо максатында түзүлгөн кырдаалга карата ыкчам чараларды көрүү максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантууда. Баткен жана Согди областынын милиция кызматкерлери Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка-1, Арка-2, Достук, Жаштык айылдарында, Кулуңду айыл аймагындагы Максат айылында Сада, Кулуңду айылдарында биргелешкен кайгуулдарын улантушууда жана ички кайгуул Баткен районунунда Ак-Сай, Таш-Тумшук, Орто-Боз, Көк-Терек, Көк-Таш, Самаркандек, Кызыл-Бел, Достук, Кара-Бак, Ак-Сай-Ворух, Бакай, Ак-Сай-Развилка багыттарында улантулууда.
 
Баткен облусунун ИИБнын жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн бир катар уюштуруу жана практикалык иш-чаралар кабыл алынып, чек арага жакын жайгашкан аймактарда мүмкүн болгон коркунучтарды алдын алуу боюнча комплекстүү иш-чаралар аткарылууда. Азыркы учурда Баткен облусунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал туруктуу. 31-январына карат абал тынч, ыкчам курдаал туруктуу.
 
Баткен ОИИБнын начальниги, милициянын полковниги Мурат Боронов областтык ички иштер башкармалыгынын жана ИИМдин Ички аскерлеринин өздүк курамынын коомдук тартипти камсыздоодогу бардык аракеттерин координациялоо багытында иш чараларын жүргүзүүдө.
Эң көп окулган жаңылыктар