13:31
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Ошто «Муслим» турак жай кооперативинин үстүнөн кылмыш иши козголду

Ошто «Муслим» турак жай кооперативинин үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган турак жай кооперативинин жетекчиси А.А. аттуу аялдын үстүнөн өткөн жылдын декабрынан тартып эле 8 арыз түшкөн. Ага байланыштуу аталган жарандын үстүнөн кылмыш иши козголгон.

Аталган турак жай кооперативинин жетекчиси бир нече жаранга үй жана унаа алып берүүнү убадалап, бирок өз убадасына турган эмес.

«Арыздануучулардын бири Т.Б. аттуу жаран «Муслим» турак жай кооперативинин жетекчисине үй алуу үчүн 1 млн 600 миң сом берсе, дагы бир жаран автоунаа алуу үчүн 210 миң сом берген. Бүгүнкү күндө милицияга ушундай мазмундагы 8 арыз түштү. Ак-Буура милиция бөлүмүнүн алган ыкчам маалыматтарына караганда, жабыркагандар мындан бир нечеге көп жана алар Ош шаарынан гана эмес, республиканын башка аймактарынан дагы болушу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмү шектелип жаткан жарандан жабыркагандар болсо 03222-6-64-02, 0700-50-50-37 номерлери аркылуу байланышып коюуну өтүнөт.

Эң көп окулган жаңылыктар