12:06
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ИИМ: 450 килограммдан ашык баңгизат жок кылынды


2022-жылдан тартып соттук өндүрүш аяктаган иштер боюнча 450 килограммдан ашык баңгизаттары жок кылынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Баңгизаттарды өрттөө укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана ыйгарым укуктуу эксперттер тарабынан көзөмөлдөнгөн.

Мекемелер аралык комиссия 30 килограммдан ашык героин, 328 килограмм кара куурай тобундагы баңгизат, 2 килограммдан ашык апийим жана 90 килограммдан ашык психотроптук заттар жок кылынды.
Комиссиянын курамына Ички иштер министрлигинин, саламаттыкты сактоо министрлигинин, сот департаментинин, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери кирген.

Эң көп окулган жаңылыктар