20:28
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Саламаттык сактоо министрлигине 107 тез жардам машинеси берилди

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине 107 унаа өткөрүлүп берилди. Техника Россиянын колдоосу менен COVID-19 кесепеттерин жоюу долбоорунун алкагында алынып, жалпы суммасы 3 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Акылбек Жапаров үч жылдын ичинде 335 жаңы медициналык тез жардам унаалары, ошондой эле санитардык транспорттук каражаттар алынганын белгиледи.

Анын айтымында, жыл сайын сасык тумоо сыяктуу сезондук вирустук эпидемиялардан улам көптөгөн ооруканалар, анын ичинде балдар ооруканалары да бейтаптарга толуп жатат. Ал саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге өз убагында тийиштүү чараларды көрүү, жарандарды тейлөө жана квалификациялуу дарылоо үчүн медициналык бригадаларды же адистештирилген бөлүмдөрдү түзүү боюнча тапшырма берди.

Саламаттыкты сактоо министрлигине 47 тез жардам унаасы, 54 санитардык транспорт, 4 каза болгондордун сөөгүн ташуу үчүн адистештирилген жана 2 дезинфекциялоочу машине берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар