07:07
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Камчыбек Ташиев: базар ээлери ижара акысын эки эсе арзандатышы керек

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандагы соодагерлердин бир катар митингдери боюнча комментарий берди. Бул тууралуу мекеменин басма сөз борбору билдирди.

Соода-базар комплекстеринин ээлери эбегейсиз киреше алган өлкөнүн эң бай адамдары. Бирок соодагерлер контейнерлер үчүн ири суммадагы акча төлөп жатканы менен алар үчүн көпчүлүк базарларда жөнөкөй шарттар түзүлгөн эмес.

Камчыбек Ташиев

Ал соодагерлердин ишин жеңилдетүү үчүн биринчи кезекте базар ээлери ижара акысын кеминде эки эсе арзандатышы керектигин белгиледи. «Мындан тышкары көзөмөл-кассалык аппарат ала албаган бардык чакан ишкерлер акысыз ККМ менен камсыз болушу керек», — деди УКМКнын башчысы.

Ал элге кайрылып, ар кандай чагымчылдык аракеттерден сак болууга чакырды.

Эскерте кетсек, 29-ноябрдан тарта соодагерлердин митинги өтүп жатат. Буга чейин Ош базарында жана Максим Горький атындагы гүлбакта нааразылык акциялары өттү. Кара-Балтадагы базарлардын жана дүкөндөрдүн сатуучулары да митингге чыгышты. Ош облусундагы «Кара-Суу» базарынын, «Дордойдун», Орто-Сай базарынын, «Мадинанын», Аламүдүн базарынын, «Таатандын», «Азиздин», «Чынаранын» соодагерлери да митинг уюштурушту. Нааразылык акциялары Ошто, Таласта жана Караколдо өттү. Бардык ишкерлердин талаптары бирдей — патенттерди калтыруу жана ККМди киргизбөө.

Кечээ президент Садыр Жапаров «Дордой» базарындагы соодагерлер менен жолугушту. Ал Салык кызматы өзгөртүүлөргө даяр эмес экенин билдирди. «Мен өкмөт менен элдин ортосунда элчимин, элдин дагы, өкмөттүн дагы тарабында эмесмин, мен мыйзам жана тартиптин тарабындамын. Эки күн бою мен бул маселени изилдеп чыктым. Учурдагы эрежелер июль айына чейин калат. Ушул бойдон иштей бергиле», — деди мамлекет башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар