23:12
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Садыр Жапаров соодагерлерге июлга чейин патент менен иштөөгө уруксат берди

Садыр Жапаров «Дордой» базарындагы соодагерлер менен жолугуп, чогулгандардын даттанууларын укту.

Президент соода түйүндөрүнүн сатуучуларын уккандан кийин сөз алып, саналуу күчтөр соодагерлерди колдонуп жатканын айтты. Бирок бул сөздөр элдин нааразычылыгын жаратып, алар ышкырып, кыйкыра баштагандан кийин Садыр Жапаров элди тынчтандырууга аракет кылып, аларды күнөөлөбөй турганын билдирди.

«Силер билбейсиңер да. Силерди курал кылып колдонуп жүргөн, отуз жылдан бери үч жолу революция кылгандар бүгүн дагы ошону көздөп жатышат. Мен силерди түшүнүп жатам, силерди күнөөлөгөн жокмун. Өзүңөрдүн укугуңарды колдоп чыгышыңар керек», — деди ал.

Ал салыкчылар өздөрү киргизилген өзгөртүүлөргө даяр эмес экенин билдирди.

«Мен эки күндөн бери баардыгын изилдеп чыктым. Эми июлга чейин ушул бойдон иштеп тургула, анткени салыкчылар өздөрү даяр эмес экен. Мен кечээ билдим муну», — деди өлкө башчысы.

Президенттин айтымында салыкчылар соодагерлердин патент менен иштешине кызыкдар.

«Мындан алардын чөнтөгүнө көп акча түшүп турат. Мунун бардыгын жок кылабыз, эртеби-кечпи ирээтке салабыз», — деди ал.

Садыр Жапаров система эки жылдын ичинде тазаланганын кошумчалады. «100 пайыз деп айта албайм, бирок 80-90 пайызын тазалап бүттүк. 10 пайызы калды», — деди өлкө башчысы.

Эскерте кетсек, соодагерлердин митингдери бир жумадан бери уланып жатат.

Бардык ишкерлер бир эле нерсени талап кылып жатышат — патентти калтыруу жана ККМди киргизбөө.

 
Эң көп окулган жаңылыктар