02:19
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

ККМге каршы митинг Ош, Талас, Каракол шаарларында да өтүүдө

Соодада көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) милдеттүү колдонууга каршы митингдер Бишкекте гана эмес Ош, Талас, Каракол шаарларында да өтүп жатат.

Жалпыга маалымдоо каражаттары маалымдагандай, жергиликтүү базарлардын соодагерлери салык төлөөнүн өзгөрүшүнө каршы. Алар бийликтен патент боюнча иштөөгө уруксат берүүнү суранып жатышат.

Эске салсак, кечээ «Дордой» базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышкан. Мындан тышкары, митингдер «Таатан», «Мадина», Орто-Сай базарларында өткөн.

Бүгүн Аламүдүн базарынын соодагерлери ККМге каршы нааразылык акциясына чыгышты.

2024-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда соода ишмердиги үчүн патент болбойт. «Дордой» жана «Кара-Суу» базарлары атайын салык режимине өтөт. Анда ККМ бул базарларда колдонулбайт, ал эми салыктын суммасы товарлардын жүгүртүлүшүнө жараша болот. Ошол эле учурда базардын ичинде гана соода жүргүзүүгө уруксат берилет.

Эң көп окулган жаңылыктар