22:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

«Дордой Моторс» базарынын соодагерлери нааразылык акциясына чыгышты

«Дордой Моторс» базарынын соодагерлери ККМдин колдонулушуна жана патенттерди жокко чыгарууга каршы митингге чыгышты. Бул жөнүндө 24.kg агенттигине акциянын катышуучулары билдиришти.

Ишкерлер катаал шарттарда иштеп жатышкандыгын айтышты. Мамлекет аларга эч кандай жардам көрсөтпөйт, бирок көзөмөл-кассалык машиналарды киргизип жатат. Көптөгөн ишкерлер аны кантип колдонууну билишпейт.

«Биз патенттерди калтырууну суранып жатабыз. Биз салык төлөөдөн баш тартпайбыз, бирок отчеттер менен салык кызматына барууга убактыбыз жок. Биз иштешибиз керекпи же ошол жерде отурушубуз керекпи? Патенттерди калтырышсын, болду», — деди ишкерлер.

Эскерте кетсек, өткөн жумада Бишкектин жана региондордун дээрлик бардык ири базарларында митингдер өттү. Бардык соодагерлердин талабы бир эле — патенттерди калтыруу жана ККМди киргизбөө. Бирок өлкө бийлиги өз демилгелеринен баш тартпай турганын билдирүүдө.

Президент Садыр Жапаров атайын комиссия түзүп, нааразылык акцияларын иликтөөнү тапшырды.

Эң көп окулган жаңылыктар