03:55
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

Бишкекте «Дордой» базарынын соодагерлери митингге чыгышты

«Дордой» базарынын соодагерлери өзгөчө салык режиминин киргизилишине каршы митингге чыгышты. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары билдирди.

Белгиленгендей, ишкерлер жаңы салык режимине өтүүнү каалашпайт жана патент менен иштөөнү улантууга уруксат берүүнү талап кылып жатышат.

Эске салсак, 2024-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда соода ишмердиги үчүн патент болбойт. «Дордой» жана «Кара-Суу» базарлары атайын салык режимине өтөт. Анда ККМ бул базарларда колдонулбайт, ал эми салыктын суммасы товарлардын жүгүртүлүшүнө жараша болот. Ошол эле учурда базардын ичинде гана соода жүргүзүүгө уруксат. 

Митинг учурунда жаңжал чыгып, жеринде милиция кызматкерлери иш алып барууда. Чогулгандар министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун кызматтан кетишин талап кылып жатышат. 

Ал эми Орто-Сай менен «Мадина» базарында көзөмөл-кассалык машинага каршы нааразылык акциясы  өтүп жатканы кабарланууда. Ишкерлер атайын салык режими менен иштей алышпай турганына нааразы.

Кечээ «Кара-Суу» базарынын соодагерлери митингге чыгышкан.

Салык кызматы кызматкерлер жеринде соодагерлер менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жаткандыгын 24.kg агенттигине билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар