01:33
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Бишкектин Свердлов районуна жаңы аким дайындалды

Алтынбек Кутманов Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов району боюнча муниципалдык администрациясынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аким президенттин 2021-жылдын 17-июнундагы «Кыргыз Республикасынын президентинин администрациясынын саясий мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик кызматчыларды ротациялоо жөнүндө» жарлыгына ылайык дайындалды.

Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.

Буга чейин аким Максатбек Саргазаков болгон. Ал мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эң көп окулган жаңылыктар