14:44
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Акимдердин ыйгарым укуктары кеңейтилген мыйзамга кол коюлду

Президент Садыр Жапаров «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзамга ылайык, райондун акимин, шаар мэрлерин президент дайындайт. Акимди дайындоодо жана бошотууда президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кеңеши менен Министрлер кабинетинин төрагасынын сунушу негиз болот.

Акимдерге мамлекеттик органдардын аймактык түзүмдөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоо укугу берилди. Андан тышкары, айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук маанидеги шаарлардын жетекчилерин кызматка дайындайт жана бошотот.

Аким, анын орунбасарлары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчиси кызмат орундарына региондук жана муниципалдык резервдерде тургандардын ичинен гана дайындалат.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилеринин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 4 жылдан 5 жылга узартылды.

Эң көп окулган жаңылыктар