17:35
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Акылбек Жапаров: Өлкөдө 30 жылдан бери гүлдөп келген саясий коррупция жоюлду

Өлкөдө 30 жылдан бери гүлдөп келген саясий коррупция жоюлду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.

Белгилей кетсек, депутаттар республикалык бюджетти талкуулап жатышат.

Акылбек Жапаровдун айтымында, президент Садыр Жапаров берген маегинде коррупция 90 пайызга жоюлуп, мындан улам бюджет өсүп жатканын билдирген.

«Саясий коррупциянын жоюулушунун башкы далили — «Кумтөр». Ал элге кайтарылды. Мындан тышкары, беш арбитраждык, алты эл аралык соттордо процесстерди бүтүрдүк. «Мегаком», «Бител», «Манас» банкы боюнча сотту утуп чыктык. Саясий коррупция болгон жерде ар дайым уюшкан кылмыштуу топтор бар. Бардык баскычтарда тазалоо иштери жүрүп жатат. Экономиканы ирээтке келтирүү үчүн мамлекет башчысы мени дайындап, күч блогун Камчыбек Ташиевге берди. Уюшкан кылмыштуу топторго каршы аёосуз күрөш — бул мамлекетке салык төлөтпөй жүргөн крыша болгондор менен күрөш. Биз уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы бар мамлекеттик кызматкерлердин катарын тазалап жатабыз», — деди Акылбек Жапаров.

Ал дүйнөлүк экономикадагы өзгөрүүлөр тууралуу да айтты.

«Санкциялар, инфляция сыяктуу дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө карабастан, Кыргызстан башка өлкөлөр менен өнөктөштүк мамилелерди жакшыртуу менен өнүгүүнү улантууда. Макроэкономикадагы ар кандай болжолдорго карабастан, биздин республика туруктуу өнүгүүнү көрсөтүүдө. 10 жылдын ичинде ИДП болгону 419,3 миллиард сомго өскөн. Акыркы эки жылда — 439,3 миллиард сомго өстүрө алдык. ИДПны 1 триллион сомго жеткирүүнү пландап жатабыз. Бул тарыхый учур. Инфляцияга карабастан, эмгек акылар реалдуу өлчөмдө өсүп жатат. Мамлекеттик банктарды күчтөндүрүп, алардын уставдык капиталын көбөйттүк, ал 100 миллион доллардан ашты», — деп кошумчалады министрлер кабинетинин башчысы.

Эң көп окулган жаңылыктар