01:41
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргыз-казак чек арасында 500 жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп турат

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматы кабарлагандай, 20-ноябрь саат 11:00ге карата кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө көзөмөл бекетинде 500 жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп турат.

Маалыматка ылайык, акыркы суткаларда Кыргызстандан Казакстанга 280 автоунаа кирген.
 
«Чек ара бекетинде жүк ташуучу унаалардын топтолушу айыл чарба азыктарынын экспорту көбөйүшүнө байланыштуу жыл сайын боло жүрүүчү сезондук көрүнүш. Жаныбарларды жана тез бузулуучу азыктарды ташыган автоунаалар чек арадан кезексиз өткөрүлүүдө. Кыргызстан менен Казакстандын чек ара кызматтары тарабынан жүк ташуучу унааларга эч кандай чектөө жок. Бардык өткөрмө пункттары штаттык режимде иштеп жатат», деп жазылган маалыматта.

Кыргыз-казак чек арасындагы оор жүк ташуучу автомашиналардын тыгыны боюнча маселе буга чейин бир нече жолу Жогорку Кеңеште да көтөрүлгөн.

Августта Чүйдө жана Таласта чек арадагы бекеттерде дээрлик бир жумадан ашуун убакытка созулган тыгын учурунда кезекте турган машиналардын саны 500гө чейин жетип жаткан.

Кыргызстандан Казакстанга, андан ары Орусияга негизинен айыл чарба продукциясын ташышат.
Эң көп окулган жаңылыктар