10:38
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргыз-казак чек арасында 400дөн ашуун жүк ташуучу унаа кезекте турат

23-октябрга карата «Ак-Тилек-автожол» өткөрмө бекетинде Кыргызстандан чыгуу үчүн 410 жүк ташуучу унаа кезекте турат. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Акыркы суткада «Ак-Тилек» өткөрүү жайынан жеңил автоунааларды жана Кант цемент заводунун продукциясын ташыган унааларды кошпогондо, Казакстанга 297 транспорт каражаты өткөн. Өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар көрүлгөнүнө карабастан чек арада жүк ташуучу унаалардын кезеги байкалууда.

«Жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу сезондук көрүнүш жана ал айыл-чарба азыктарынын, эл керектөөчү товарлардын көп экспорттолушу менен байланыштуу. Кыргызстандын жана Казакстандын чек ара кызматтары тарабынан жүк ташуучу унааларга эч кандай чектөөлөр жок. Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрүү жайларынын бардыгы штаттык режимде иштеп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар