20:52
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Алмазбек Атамбаев Кемпир-Абад боюнча келишимди артка жылдырууну сунуштайт

Кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызы ачык-айкын, эксперттердин катышуусунда макулдашылган. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүндө айтылат.
 
Ал чек ара маселеси олуттуу стратегиялык мамилени, иш-аракетте ырааттуулукту, сөздө тең салмактуулукту жана кылдат даярдыкты талап кыларын белгилейт.
 
«Шашкан — шайтандын иши деп элибиз бекер айтпайт. Бул талаптарга кайдыгер мамиле кылуу эмне менен бүтөөрүн бизге Баткен окуялары ачык көрсөттү. Экинчи эреже: чек ара маселесине элдин басымдуу бөлүгү бийликке ишенгенде гана чекит коюуга болот. Учурдагы кырдаал болсо бир аз башка.
Убагында Өзбекстан менен 1378 чакырымдын 1170 чакырымын же талаштуу тилкелердин 85%ын макулдашканбыз, бирок мунун баары ачык-айкын, эксперттер жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда өттү. Азыр болсо келишимге кол коюудан керек болсо ЖКнын тийиштүү комитетинин төрагасы да баш тартты. Бул бир нерсе туура эмес экенин билдирет, демек, биринчи кезекте элдин ишенимин кайтарыш керек», — дейт ал.
 
Алмазбек Атамбаев куугунтукту токтотууга чакырат.
 
«Укук коргоочуларды, журналисттерди, өзгөчө алардын арасындагы аялдарды камакка алуу — бул абдан уят иш. Мындай кадамдарга эч кандай аргумент калбаганда, бет тырмалык кылып, чындыктан корккондо гана барат. Камалгандарды тез арада бошотуп, алардан кечирим сурап, оппозиция, журналист, активисттерге, жергиликтүү калкка берген кеңештери, накыл кептери үчүн ыракмат айтыш керек», — дейт экс-президент.
 
Алмазбек Атамбаев элдин ынтымагы үчүн Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча чечим кабыл алуу мөөнөтүн кийинкиге жылдырууну сунуштайт.
 
«Эл шашпай дагы бир жолу баарын салмактап, тийиштүү документтерди карап, эксперттерди угуп, өз баасын берсин. Президент Мирзиеев да муну туура түшүнөт. Ал акылман адам жана биздин элибиздин чыныгы досу. Анткени, кеп өлкөдөгү тынчтык жана стабилдүүлүк, Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыгы жөнүндө болуп жатат! Эң оор, эң курч маселелер жөнүндө — ата-бабаларыбыздан мурас катары калган жер, суу жөнүндө болуп жатат. Бул үчүн алар кан төгүп, жанын беришкен. Биз да балдарыбызга, урпактарыбызга уят болбой, келечекти ойлошубуз керек», — дейт ал.
Эң көп окулган жаңылыктар