08:07
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Кыргыз-казак чек арасында 300дөн ашык жүк ташуучу машине кезекте турат

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде 21-август саат 18:30га карата 370тей жүк ташуучу автоунаа Кыргызстандан Казакстанга өтө албай, кезекте турат.

 

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, кыргыз тарап машиналардын жай өтүшүнүн себептерин талкуулоо үчүн Казакстандын чек ара өкүлдөрү менен жолугушуу маселесин карап жатат.

Казакстан 21-августта саат 09:00дөн 18:00гө чейинки аралыкта үч гана машинени өткөргөн. Мекеме Кыргызстан тарап чек арада эч кандай чектөө киргизбегенин жана өткөрмө бекет кадимки тартипте иштеп жатканын кошумчалады.

Казакстан окуя боюнча азырынча комментарий бере элек. Кыргыз-казак чек ара бекеттеринде утур-утур жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги пайда болуп турат.

Эң көп окулган жаңылыктар