16:58
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Таштанды челектен табылган наристени таенеси алып кетүүгө даяр

Таштанды челектен табылган наристени таенеси алып кетүүгө даяр. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, таенеси Таласта жашайт. Ал баланы алып кетүүгө даяр экендигин билдирди. «Бирок ага мыйзамда көрсөтүлгөн белгилүү шарттар жана талаптар аткарылганда гана бала берилет жана бул боюнча атайын иштер жүрүп жатат. Учурда ымыркай дары-дармек, медициналык кароо жана кийим-кече менен камсыздалган», — деп билдиришти мекемеден.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, Бишкектин Октябрь райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери ымыркайга туулгандыгы тууралуу күбөлүк беришти.

Эске салсак, 8-ноябрь күнү саат 23:30да «102» кызматына Толстой менен Элебаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги таштанды челектен желим баштыкка оролгон ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн.

Аталаган факты боюнча Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренеси (энеси тарабынан жаңы төрөлгөн баланы өлтүрүү аракети) менен кылмыш ишин козгоду. Милиция баланын энесин таап, 2024-жылдын 11-январына чейин тергөө абагына камады. Баланын атын Садыр коюшту.

Эң көп окулган жаңылыктар