Бишкекте 15-16-ноябрда алгачкы жолу Италия киносунун күндөрү өтөт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Көрүүчүлөр орусча субтитрлери менен италян тилинде төрт толук метраждуу көркөм тасмаларды көрө алышат — «Данте», «Бегу к тебе», «Орландо» жана «Ipersonnia».
Көрсөтүү "Ала-Тоо"кинотеатрында өтөт. Кирүү акысыз.