03:21
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Британ премьер-министринин атасы туристтерди Кыргызстанда эс алууга үгүттөөдө

Британиялык туркомпанияларды Кыргызстанга көптөгөн туристтерди жөнөтүүгө чакырыгы менен премьер-министр Борис Жонсондун атасы Стенли Жонсон «Кыргызстан Туризм Роудшоу» деген иш-чарасында сөз сүйлөдү.

Ал Кыргызстанда 2018-жылы илбирсти коргоо аракетинде видеокамераларды орнотууга катышканы боюнча айтып берип, британиялык туркомпанияларды Кыргызстанга турист тартууга көмөктөшүүгө чакырды.

«Кыргызстан Туризм Роудшоу» деген иш-чарасы Лондон шаарында өттү. Ал британиялык туристтерди Кыргызстанга тартууга арналган. Иш-чараны Лондондогу кыргыз элчилиги жана Туризм департаменти уюштурган.

Стенли Жонсон 80 жашта, Европарламенттин мурдакы депутаты, учурда коомдук ишмер жана жазуучу.

Эң көп окулган жаңылыктар