08:17
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Өзбекстан менен Кыргызстандын региондору туризм боюнча кызматташууну өнүктүрөт

Өзбекстан менен Кыргызстандын региондору туризм тармагында кызматташууну өнүктүрүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу «Ташкентская телебашня» Telegram-каналында маалымдалды.

Маалыматка ылайык, Фергана, Анжиян жана Наманган облустарынын туризм башкармалыктарынын адистери Ош, Жалал-Абад жана Арстанбапка иш сапар менен келишкен.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында туристтик чөйрөдө аймактык кызматташууну бекемдөө, анын ичинде биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү, туристтердин агымын көбөйтүү маселелери каралды. Маданият, тарых, соода, кол өнөрчүлүк жана спорт тармактарында инфраструктураны өнүктүрүү боюнча сунуштар айтылды.

Эң көп окулган жаңылыктар