16:08
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Вице-мэр Бишкектеги тротураларды оңдоо иштери качан бүтөрүн айтты

Бишкектеги тротуарларды оңдоо иштери аягына чыгайын деп калды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине вице-мэрдин милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов билдирди.

Ал жумуштар пландалган графиктен кечирээк бүтүп жатканын мойнуна алды.

«Бузулган объекттер көп болду, 21 көчөдө 200дөн ашык объект бар. Бул келишимди бузуу жана башкалар. Мындай учурлар көп убакытты алды. Бирок бул сезондо биз тротуарларды толугу менен бүтүрөбүз. Асфальт төшөөгө даярдык бүттү, кечээки жамгыр тоскоол болуп калды. Эми жердин кургоосу үчүн бир нече күн күтүш керек. Келерки апта жылуу болушу күтүлөт жана бааррын бүтүргөнгө жетишебиз деп ишенем», — деди Максатбек Сазыкулов.

Эскерте кетсек, быйыл борбор калаанын муниципалитети 43 көчөдөгү тротуарларды оңдоп жатат. Алардын жарымынан көбүндө иштер аяктады.

Эң көп окулган жаңылыктар